Куткаруучулар сууда сүзүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертет

Куткаруучулар сууда сүзүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, атайын белгиленбеген тилкелерде сууга түшүүгө болбойт. Пляжда спирт ичимдиктерин ичип, сууга мас абалда түшүүгө дагы тыюу салынат.

 

Көл жээктеринде, дарыялардын жана бассейндердин жанында кичинекей балдарды кароосуз калтырбаш керек.