Кувейттеги кырсыкта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Кувейтте өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 43 адам каза таап, 15 киши жабыркаган.

 

Кыргызстандын элчилиги Кувейттин компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта болууда.