Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул казак тарап жүк өткөрүү процессин кылдат өткөрүп, ар бир унааны текшерүүгө убакыт көп кетип жатканына байланыштуу.

 

Жеринде экономика министринин орун басары жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү тактоо иштерин жүргүзүүдө, — дешти ведомстводон.