Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жоокерди дарылоо Москвада улантылат.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, 8-майда жаракат алган чек арачынын абалы оор.
Кошумчаласак, кыргыз-тажик чек арасында акыркы 2 айда үч ирет жаңжал катталды.