Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жоголгон документтердин 70 пайызы калыбына келтирилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жоголгон документтердин 70 пайызы калыбына келтирилди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 79 ID-паспорт, 14 жалпы жарандык паспорт,

60 туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана 8 нике тууралуу күбөлүк кайра даярдалып, ээлерине тапшырылды.

Андан тышкары, калыбына келтирилген документтердин катарында каза тапканын тастыктаган жана

айдоочу күбөлүктөрү бар. Жалпысынан 200гө жакын арыз түшкөн.

Учурда анын 136сы даяр. Документтер акысыз негизде жасалып жатат.