«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупциялык иштерге шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. 2018-жылдын ноябрь айынан

2020-жылдын апрелине чейин мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 9 миллион сомго чейинки

каражаттар айланып турган. Сумманын 50 пайызы жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге чегерилчү.

Муну менен өлкөнүн темир жолдору тармагына 22 миллион сом зыян келтирилген.

Катталган факты боюнча тергөө иштери уланууда.