Кыргызстан аймагына кирген жүргүнчүлөрдө коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкаты жок болсо, алар аэропорттордон анализ тапшырууга милдеттендирилет

Кыргызстан аймагына кирген жүргүнчүлөрдө коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкаты жок болсо, алар аэропорттордон анализ тапшырууга милдеттендирилет.

 

Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай чара өлкө аймагына коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн киргизилди. Ага ылайык, ар бир жүргүнчү аэропорттон же чек арадан кеминде 3 күндүк тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

 

Белгилеп кетсек, Манас, Ош жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторунда  ПЦР-тест өткөрүүгө атайын лабораториялар ачылды.