Кыргызстан боюнча 768 отун жана көмүр сатуу базаларын ачуу пландалууда

Кыргызстан боюнча 768 отун жана көмүр сатуу базаларын ачуу пландалууда.

Бул тууралуу Өндүрүш жана энергетика мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек ЖЭБинде 242 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Анын бир бөлүгү былтыркы жылдын калдыгы. Ал эми Ош ЖЭБинде 20 миң тонна кара отун жана

7,5 миң тонна мазут даярдалды. Ведомстводон белгилешкендей, эки калаадагы электр борборлорунда,

ГЭС жана көмөк чордондорунда жылуулук сезонуна карата оңдоп-түзөө иштери аяктады.