Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 55 миллион доллар алды

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 55 миллион доллар алды.

Акчалар жаратылыш кырсыктарына жана жер титирөөдөн жабыр тарткан

мектептерге колдоо көрсөтүү долбоору боюнча келди. Каржаттын бир бөлүгү

насыя катарында, калганы гранттык негизде. Акчалар 30 мекептин өрт өчүрүү

системасын оңдоого жана калыбына келтирүүгө жумшалат. Долбоорду толугу менен

2025-жылга чейин ишке ашыруу пландалууда. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги,

билим берүү министрлиги, мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги,

ошондой эле каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматтары жооптуу болот.