Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар насыя алат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Каражат абанын сапатын көзөмөлдөөчү станцияларды курууга, химиялык лабораторияны модернизациялоого, абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмаларына, жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө, Бишкекти жашылдандыруу үчүн ирригация курууга жумшалат.