Кыргызстан – Малайзия беттешинде жеңүүчү аныкталган жок

Кыргызстан – Малайзия беттешинде жеңүүчү аныкталган жок. Оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

 

Биринчи таймда Гүлжигит Алыкулов гол киргизип эсепти ачты. Андан кийин биздин кураманын футболчусу авто гол киргизип алып, эсеп теңелди. Оюнга 15 миңдей көрүүчү келди.

 

Эске салсак, Кыргызстан рейтинги жакшы болгондуктан беттештерди квалификациянын биринчи эмес, экинчи турунан баштады. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен D тайпасына түштү.