Кыргызстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатат

Кыргызстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 117 тест борбору ачылган.

 

Быйыл ЖРТга 41 миң 727 бүтүрүүчү катталган. Ал эми өз убагында каттоого жетишпей калгандар үчүн кечиктирилген тестирлөө уюштурулат. Ведомстводон белгилешкендей, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт.