Кыргызстанда 10 миңден ашуун этникалык кыргыз документсиз жашайт

Кыргызстанда 10 миңден ашуун этникалык кыргыз документсиз жашайт.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, алар ушундан улам кайрылман макамын ала албай, медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Белгилеп кетсек, депутаттар этникалык кыргыздарды каттоо жөнөкөйлөштүрүлгөн мыйзам долбоору боюнча маалымат угууда.

Эмгек министринин орун басарынын айтымында, мыйзам долбоору этникалык кыргыздарга жарандык алууну жеңилдетүүгө да багытталган.