Кыргызстанда 135 унаа мектеби талапка жооп бербейт

Кыргызстанда 135 унаа мектеби талапка жооп бербейт.

Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл жол кырсыктары былтыркыга салтырмалуу

23 пайызга көп катталды. Эрежелердин бузулушуна айдоочулардын

60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөй эле айдоочулук

күбөлүк алганы себеп. Андан улам, министр белгилегендей,

айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизе турган

мыйзам долбоорлору иштелип жатат.