Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады

Кыргызстанда 156 миң бала мектеп босогосун аттады.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам бүгүн Биринчи коңгуроо салтанаты

уюштурулбай эле сабактар башталды. Биринчи чейректе 1-класстын окуучулары менчик түрүнө

карабастан мектепте окуйт. Кошумчаласак, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар онлайн режимде билим алат.

Муну менен катар балдарга бирдиктүү форма боюнча талаптар коюлбайт.

Салтка айлангандай эле ак көйнөк, кара шым же юбка кийсе болот.