Кыргызстанда 2 айда селден 170 миллион сомго зыян келтирилди

 

Кыргызстанда 2 айда селден 170 миллион сомго зыян келтирилди.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өкүлү Кубаныч Темирбек уулу билдирди. Ал белгилегендей, материалдык зыянды эсептөө уланууда.

 

Сел үйлөрдү, социалдык объектилерди жана жолдорду жууп кетти. Жалпысынан 20-апрелден тарта республика аймагында 250дөн ашык сел жүрдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.