Кыргызстанда 527 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда 527 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 70, Ошто 113, Чүйдө 65, Таласта 9, Нарында 7, Ысык-Көлдө 33, Жалал-Абадда 130, Баткенде 100 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Жалпысынан, өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 51 миң 815ке жетти.