Кыргызстанда 7,6 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 7 миң 600дөн ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыянын жалпы суммасы 3 млрд 35 млн сомду түздү.

 

Каражат эки категория – өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча берилген.