Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы бир жылда дээрлик 10 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы бир жылда дээрлик 10 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, барынан дагы сарымсактын баасы кескин көтөрүлдү – 1,5 эсеге, кумшекер 28 пайызга жана өсүмдүк майы 25 пайызга. Ал эми мөмө-жемиштер 17 пайызга кымбаттаса, эт ажан ундун баасы 16 пайызга көтөрүлдү.