Кыргызстанда бүгүн таңкы саат 8ге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда бүгүн таңкы саат 8ге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Учурда өлкөдө жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 84кө жетти.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жаңы вирус аныкталгандардын бардыгы обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

 

Ошондой эле алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат. Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт.