Бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чаралар министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы бекитилген тартипке ылайык көрүлүп жатат.

 

Жергиликтүү байланыш операторлорунун сим-карталары менен активдештирилген телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталган. Бирок өлкө ичинде мобилдик аппараттарды алып келип саткандар чектөөлөрдүн алдын алуу үчүн аларды тез арада каттоодон өткөрүшү керек.