Кыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан тартып 3-июнга чейин кызамык (корь) жуккан 10 798 учур катталды.

Министрлик соңку учурда оорунун жугуусу азая баштаганы менен абал дагы деле опурталдуу экенин эскертти. Учурда өлкөдө кызамыкка каршы кошумча эмдөөнүн жаңы этабы жүрүп жатканын билдирди. Ага ылайык, кампания 10-июнда Талас менен Ысык-Көл облустарында башталган жана 13-июндан тартып Баткен жана Нарын облустарында жүрүп жатат.

 

“Ай сайын кызамык жаңы жуккан учурлар азайганы менен вирус дагы эле активдүү. Балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткан учурлардын көптүгү бул оорунун негизги себеби болуп калууда. Эмдөө акциясынын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 991 бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт. Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт ”,-деп билдирди министрлик.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл кызамыктан (корь) эки бала чарчап калды. Экөө тең эки жашка толо элек болгон. Былтыр бул оорудан тогуз бала чарчап калган.

2023-жылы өлкөдө кызамык жуккан 7 046 учур катталган.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча вакцияна сайдыруу тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлөт.