Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 14 пайызга азайды

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны 14 пайызга азайды.

Тагыраагы, быйыл жарым жылдыкта 329 миң адам насыя алды.

Ал эми берилген чакан насыянын көлөмү тескерисинче былтыр ушул эле

мөөнөткө салыштырмалуу 10 пайызга көбөйүп, 17 миллиард 700 миллион сомду

түздү, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Маалыматка караганда,

бересе алгандардын көбү Ош облусуна, Бишкекке, Жалал-Абад жана

Чүй облустарына туура келет. Алынган акчалардын 3/1 бөлүгү

айыл-чарбасына багытталса, калганы курулушка,

соода-сатыкка жана иш-чараларга жумшалды.