Кыргызстанда дагы 527 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 527 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 140, Ошто 52, Чүйдө 104, Таласта 21, Нарында 11, Ысык-Көлдө 41, Жалал-Абадда 86, Баткенде 72 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин саны 68 миң 894кө жетти.