Кыргызстанда дары-дармектер жетиштүү деңгээлде.
Ордо калаада препараттардын дефицити бар деген маалымат чындыкка дал
келбейт, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык,
өлкөгө дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдө да запас жетиштүү. Андыктан
тынчсызданууга негиз жок. Ведомстводон белгилешкендей, буга карата
премьер-министр дары каражаттарынын баасын бир калыпта
кармап туруу тапшырмасын берди.