Кыргызстанда доллар дагы эле кымбаттоодо. Учурда америкалык валютаны коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 84 сомдон сатып алып, кайра 86 сомдон сатышууда.
Муну менен 3 күндө эле доллар дээрлик 5 сомго көтөрүлдү. Белгилеп кетсек, соңку 4 жылдан бери алгачкы жолу Улуттук банк долларды сатып алуу боюнча интервенция өткөрдү. Бул америкалык валютанын куну кескин түшүп кеткенине байланыштуу.