Кыргызстанда ишкердик акырындап жандана баштады

Кыргызстанда ишкердик акырындап жандана баштады. 2 айлык карантинден кийин Бишкекте соода борборлору, СПА-салондор жана унаа базарлары иштеп баштады.

 

Ал эми 25-майда 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары ачылат. Шаар көчөлөрүнө автобус, троллейбустар чыгат. Үйдө отургандан тажап, спортко баш оту менен киришем дегендер бир аз чыдашы керек, анткени спорт залдары жана бассейндер азырынча ачылбайт.