Кыргызстанда эми мектеп директорлугуна сынак жаңы эреже менен өтөт

Кыргызстанда эми мектеп директорлугуна сынак жаңы эреже менен өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, талапкер 7 жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык тажрыйбага ээ болуп, анын 2 жылы директор же анын орун басары катары иштеген болушу керек.

 

Буга чейинки 65 жашка чейин деген чектөө алынды. Бир эле адам мектепти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолудан ашык  башкара албайт.

 

Сынакта документтердин экспертизасы жана компьютердик тест болот жана ал 80 суроодон турат. Тесттин үлгүлөрү бүгүнтөн тарта талапкерлерге берилет.