Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү телеканалардын бирине маек берип жатып билдирди.

 

Маалыматка ылайык, тармактын кызматкерлери ушул айдан тарта 10-15%га жогору маяна алышат. Министр кошумчалагандай, айлык акы жылдан-жылга көбөйөт.