Кыргызстанда эттин сапатын эми QR-код менен текшерсе болот

Кыргызстанда эттин сапатын эми QR-код менен текшерсе болот.

 

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген идентификациялык системаны ишке киргизди.

 

Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын QR-код аркылуу көрүүгө мүмкүн.