Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйдү

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-июнга карата кароосуз калган 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда.

 

2023-жылдын 1-июнунда карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган. Муну менен өткөн жылга салыштырмалуу кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйгөн.

 

Белгиленгендей, фостердик үй-бүлөгө дагы 45 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө окуу үчүн каттоодо турат.