Кыргызстанда мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт

Жакын арада өлкөдө мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт.

Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Маалыматка ылайык, баштапкы капитал болжол менен 2 миллиард сомду түзөт, келечекте аны 8 миллиардга чейин жеткирүү пландалууда.

Ал арада экономика министри Данияр Амангелдиев мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүү министрлер кабинетинин быйылкы жылдын экинчи жарымына карата иш планынын пункттарынын бири деп атады.