Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей,
бүгүн, эртең күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу
республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда
сел жүрүшү ыктымал. Андан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.