Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагы азырынча блоктолбойт

Кыргызстанда ТикТок социалдык тармагы азырынча блоктолбойт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.

 

Анын айтымында, тармакты блокко түшүрүү үчүн соттун чечими талап кылынат. Учурда соцтармактын жетекчилиги менен Маданият министрлиги ортосунда маселени оңунан чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

 

Эске салсак, 30-августта аталган министрлик ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алып, Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жөнөткөн.