Кыргызстанда жуманын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда жуманын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

2-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

 

Мындан улам, министрлик арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү, сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү, үйдөгү свет, суу, газды өчүрүүнү сунуштайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.