Кыргызстандын энергокомпаниялары күз-кыш мезгилине даярдыкты аяктады

Кыргызстандын энергокомпаниялары күз-кыш мезгилине даярдыкты аяктады.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту жүрдү.

Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери аткарылды.

Электр тармактары боюнча подстанцияларда, электр берүү линияларында жана аба линияларында капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Мындай иш-чараларды өз убагында өткөрүү ашыкча жүктөөлөрдөн жана авариялардан сактайт, — деп айтылат маалыматта.