Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Бүгүн Ош жана Баткен облустарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 2:44тө Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ошондой эле саат 4:39да Баткен облусуна жакын аймакта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

 

Жер титирөө Баткен районундагы Үч-Дөбө айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Самаркандык айылынан түштүк-чыгышка карай 18 чакырым, Рават айылынан түштүк-чыгышка карай 26 чакырым, Лейлек районунун Лейлек айылынан түштүк-чыгышка карай 34 чакырымаралыкта катталган.

Жер титирөө Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында 3 балл, Рават, Лейлек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.