Кыргызстандын тасмалары Лос-Анжелесте өтө турган Дүйнөлүк Азиялык кинофестивалда тартууланат.
Уюштуруучулардын айтымында, “Акыркы көч” жана “Шамбала” тасмалары фестивалдын алкагында 3-ноябрда көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.
Эске салсак, Дүйнөлүк Азиялык кинофестиваль быйыл жетинчи ирет өтөт. 1-ноябрдан 11-ноябрга чейин 20 мамлекеттен келген 30дан ашык тасма көрсөтүлөт.