Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу ниети жок

Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгуу ниети жок.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына «Кыргызстан ЖККУдан чыгуу жана НАТОго кирүү маселесин карап жатат» деген мазмундагы социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратуудан карманууну өтүнөм, ошондой эле анык жана расмий булактарга ишенүүгө чакырам, — деп жазды.