Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

 

Кассис 3-июлга караган түнү «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна келип конду.

Сапардын алкагында ал кыргызстандык кесиптеши, министр Жээнбек Кулубаевге жолугуп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.

 

Швейцариянын тышкы иштер министрин президент Садыр Жапаров кабыл алышы күтүлүүдө.

 

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Тышкы иштер федералдык департаменти деп аталат.