Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.

 

Аталган темир жолдун каттамы Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп, узундугу 312 чакырымды түзөт.

 

Ал эми жүк жүктөөчү станция Макмалда жайгаштырылат. Долбоордун болжолдуу наркы 4 миллиард 665 миллион доллар, анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 573 миллион доллар болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.