Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргендей, учурда темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Эске салсак, буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталат деп билдирген.
Кошумчаласак, аталган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет.