Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы
КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-августта саат 16:51де Кытай Эл Республикасын
аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Сай,
Кок-Айгыр айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.