Кытайдын ЖОЖдоруна Кыргызстандан абитуриент кабыл алуу башталды

Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандык абитуриенттерден документ кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Кытайдын Синцзян-Уйгур автономдуу районунун (СУАР) Элдик өкмөтү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн жогорку окуу жайларда бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга 125 стипендиялык орун бөлгөн.
Бул программага катышуу үчүн сайтка кирип, талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.

«Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт. Документи толук болбогон өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет», — деп айтылат маалыматта.

Программа боюнча маалыматты иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери же moin.mo@mail.ru электрондук почтасы аркылуу алууга болот.