Өлкө аймагында “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу уланууда

Өлкө аймагында “акылдуу эсептегичтерди” орнотуу уланууда.  Жыл башынан бери Баткен облусунда 18 миң 550 даана акылдуу электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 18 миң 347 даанасы бир фазалуу, 210 даанасы үч фазалуу эсептегичтер.

 

Белгилеп кетсек, аталган приборлор реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт жана электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.