Өлкөдөгү медициналык мекемелерде орун жетишээрлик, тынчсызданууга негиз жок.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен премьер-министр
Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, акыркы күндөрү COVID-19 вирусуна
чалдыккандар көбөйүп жатат. Өзгөчө бул Бишкек жана Ош шаарларында байкалууда.
Буга карабай ооруканаларда орундар жетиштүү деңгээлде. Алдын ала даярдалган
1 миң 976дан 1 миң 47 орун бош эмес. Калган 929у даяр, — деди Боронов.