Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 13-июнга чейин басымдуу аймактарда туруксуз аба-ырайы болуп, нөшөрлөгөн жаан жаайт.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, кокту-колоттордон суу ташыйт. Жарандарга табигый кырсыкты алдын алуу максатында арыктарды, каналдарды тазалоо сунушталат.