Майрам күндөрү милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштешет.
Кыргызстанда милиция органдары Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу
бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип 1-январга чейин уланат.
Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылат.
Ал эми ордо калаада 2 миң укук коргоочулар коопсуздукту камсыздашат, — дешти министрликтен.