Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кыргызстандыктарды дары-дармекти запастап сатып алуудан баш тартууга чакырат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кыргызстандыктарды дары-дармекти запастап сатып алуудан баш тартууга чакырат.

 

Фонд төрайымы Элнура Боронбаеванын айтымында, жайында жарандар коронавирус препараттарын зарылчылык жок болсо деле, массалык түрдө сатып алышкан. Кийин алар менен эмне кылуу керектигин билбей, фондко кайрылган учурлары дагы болгон.

 

Андыктан, дарыгер жазып бербесе, препараттарды сатып алуунун кереги жок. Анын үстүнө, коронавирусту дарылоонун протоколу улам жаңыртылып турат. Вирустун жеңил түрүнө дары такыр эле талап кылынбайт.