Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарынын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, ата-энеси жок балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы мезгилде эс алуусу боюнча иштерди уюштуру тапшырылды.

 

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 миллион сом бөлүнөт. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 миллион сом бөлүнүп келген.

Жыл сайын балдар «Алтын-Балалык» реабилитациялык борборуна жөнөтүлөт.

 

2023-жылы балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча республикалык штабдын отурумунда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды эң көп камтуу, ошондуктан республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынган.